
Кыргызстанда 8-январга карата коронавирус 193 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында – 134;
Ош шаарында – 9;
Чүй облусунда – 11;
Ош облусунда – 4;
Талас облусунда – 6;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 17;
Баткен облусунда — 7 адам.
Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 370 бейтап, амбулатордук түрдө 782 адам дарыланууда.