Алматыда нандын тартыштыгы жаралды

Алматыдагы айрым азык-түлүк саткан дүкөндөрдө бир адамга 2 гана бөлкөдөн сатылууда. Бул тууралуу журналист Александр Мироглов билдирген.

Калаадагы талап-тоноого кабылбаган ири дүкөндөрдүн иши дагы эле жандана элек. Алматылыктар азык-түлүктү кичинекей дүкөндөрдөн сатып алышууда. Дүкөндөрдө эт, тооктун эти жана тез бузула турчу тамактар жокко эсе.

Ошондой эле ири май куюучу жайлар жабык болгондуктан, айдоочулар кичи станциялардан май куюушууда.

Шаарда ээн-эркин жүрүүгө толук мүмкүн эмес. Коомдук транспорттордун иши жандана элек. Ал эми тополоңдон жабыркагандар менен каза болгондор тууралуу так маалымат жок. Алматы калаасынын мамлекеттик органдарына байланышка чыгуу мүмкүн эмес.