
Казак тараптын демилгеси менен өткөрмө пункттардын жабылышына байланыштуу кооптонууларга келсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында социалдык маанилүү азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар экенин белгилейбиз.
Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
«Биз жарандарды азык-түлүктүн мүмкүн болгон жетишсиздигинен же баанын кескин жогорулашынан коркпоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволору мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча эки тараптан тең иш алып барууда.
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди толук кандуу нормалдаштырууга негиз болот”, — деди президенттин басма сөз катчысы.