
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Казакстанда тынчтык орнотуучу аскерлерин генерал-полковник Андрей Сердюков башкарат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
«Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери атайын даярдыктан өтүшкөн жана согуш талаасында тажрыйбасы бар. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн Россиянын аба-десант аскерлеринин жетекчиси Андрей Сердюков башкарат», — деди РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.
Ал Алматы шаарындагы аэропорт Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте көзөмөлгө алынганын белгиледи.