Беларусиянын аскерлери Казакстанга беш учак менен келишти

Беларусиянын коргоо министри Виктор Хренин ЖККУ күчтөрүнүн курамында Казакстанга келген тынчтык күчтөрү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жөнөтүлгөн аскерлердин баары окуудан өткөн жана даярдалган. Анын курамына жалаң контракттык аскер кызматкерлери кирет.

«Казакстандын коргоо министри менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча, биз алардын тартипти орнотууга жана конституциялык мыйзамдарды, тартипти сактоого жоопкерчилик менен мамиле жасашат деп ишенебиз», — деди ал.