Тимур Файзиев: Ысык-Көлдүн 100 гектар жерин кытайларга дагы 100 гектарын япондорго беребиз

Асман шаарынын жетекчиси Тимур Файзиев Ысык-Көлдүн 100 гектар жерин кытайларга дагы 100 гектарын япондорго беребиз деп билдирди.

Буга чейин «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында «Асман экологиялык таза шаарын» куруу пландалууда.