Алматынын комендатурасы: Башы алынган эркек кишинин сөөгү табылды

Алматы шаарындагы баш аламандыктан улам укук коргоо органдарынын 12 кызматкери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Алматынын комендатурасына шилтеме берүү менен жазууда.

Ошондой эле 353 кызматкер жаракат алган.

Андан тышкары Алматынын комендатурасы башы алынган эркек кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Азырынча канча жөнөкөй жаран жаракат алганы же каза болгону тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Казакстан боюнча полициянын жана Улуттук гвардиянын 8 кызматкери көз жумганы айтылган.