«Тазалык» мекемесинин кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду

Жол кырсыгынан «Тазалык» мекемесинин кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

image 1 4 «Тазалык» мекемесинин кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду
image 1 3 «Тазалык» мекемесинин кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду

Жол кырсыгы саат 08:15 чамасында ЖЭБдин аймагында болгон.«Тойота Пробокс» үлгүсүндөгү унааны 1981-жылы туулган Р.Г. башкарып бара жаткан. Бул унаа Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жүргөн 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаранды сүзүп кеткен.

Аял айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.