«Санат» эс алуу жайындагы мушташты милиция териштирип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-январга караган түнү Талас районунда болгон. Милиция окуя боюнча териштирүүнү баштап, ал электрондук журналына каттаган.
Буга чейин топ балдар бир жигитти ур-токмокко алышкан видео тасма социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан.