Кечээ, 29-декабрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын жыйындар залында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Кыдыкбаевдин катышуусу менен “Офицердин жубайы” медалы милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин жубайларына тапшырылды.
Өз сөзүндө “Офицердин жубайы болуу ары түйшүктүү, ары сыймыктуу экени бардыгыбызга маалым.Ар бир майрам алдында уюштурулуп келген бул саамалык жаңы жыл майрамына туш келди.Сиздерге бул медаль чындыгында аздык кылат, милициянын жубайы бул тиреги,үмүтү жана ишеничи экендигин баса белгилеп,сыйлык ээлерин жылуу куттуктап,үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү”- А.Жумабеков.
Ошондой эле майрамга утурлай ардагерлер ИИМдин “Кадырман”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары тапшырылды.
Мындан тышкары Нарын ОИИБнин Медицина кызматынын амбулатория башчысы Кадырова Зина Аянбаевна “ Медицина кызматына эмгеги сиңген”деген медалы менен сыйланды.
Сыйлык ээлери өз учурунда ыраазычылык билдиришип,жетекчиликке, ардагерлерге жана өздүк курамга иштернине ийгилик каалап өтүштү.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы