«Манас» эл аралык аба майданын туман каптап, учактар кармалууда

Бүгүн, 30-декабрда «Манас» эл аралык аэропортунда коюу туман каптады. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Ошондой эле Алматыдагы кошумча аэродромго 1 учак конду, андан тышкары ички каттамдар дагы кармалууда.