“Финико” компаниясы кыргызстандыктардын миллиондогон долларын криптовалюта аркылуу чыгарып кетишкен

“МедиаХаб” жаңы иликтөөсүн жарыялады. Анда эч жерде расмий каттоодон өтпөгөн “Финико” кантип карапайым кыргызстандыктардын миллиондогон долларын чыгарып кеткени баяндалат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигине арыз жазып кайрылгандар жалпысынан “Финикого” 14,5 млн сом алдырганын айтышкан. Ал эми терең иликтөөдө “МедиаХабдын” журналисти Мээрим Айныкеева “Финико” каржы пирамидасына акча салган 523 кишини биле алды. Алар алдаттык деген жалпы сумма 3,5 млн долларга жакын.

“Финиконун” ызы-чуусу Кыргызстанда эле эмес, постсоветтик өлкөлөрдө да чыгып атат. Эч жерде катталбаган “Финико” татарстандык жигиттер тарабынан 2019-жылы ачылган. Алардын эң белгилүүсү жана башкы директору Кирилл Доронин болгон. Дорониндин жергиликтүү өкүлдөрү же эл менен иштеген ортомчулары “лидер” деп аталышкан.

Иликтөөгө сүйлөп бергендер лидер деп кыргызстандык 15тей адамдын атын айтышты. Доронин жана анын ортомчулары “Финикону” интернет технологиялары, анын ичинде криптовалюта менен иштеген жаңы муундагы бизнес катары тааныштырып жүрүшкөн. Чогулган сумманы электрондук валюта – биткоинге салып көбөйтүп беребиз деп кардарларына түшүндүрүп турушкан.

Чынында каражатты биткоинге же башка криптовалютага салган-салбаганы белгисиз. Болгону телефонго жүктөлгөн приложениеде кардар салган акчанын суммасы жана кайсы бир датадан кийин алчу сумма көрсөтүлгөн. Приложениедеги акча бирдиги цифрон деп аталган. 1 цифрон 1 долларга барабар деп эсептелген. Мындай азгырыктуу жарнамага ишенгендер үй, машинесинен айрылып, атүгүл айрымдар карыз торуна чалдыгышкан. “Финико” каржы пирамидасы экенин Татарстандын Борбордук банкы жана күч органдары аныктап чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Кирилл Доронин учурда камакта, ал эми үчөө дайынсыз.