
Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын Санкт-Петербург шаарында Б. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтуп жаткан салттуу бейформал жолугушуусуна катышууда.
Иш-чара башталардын алдында Шериктештик лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.
Бейформал саммитке Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.