ИИМ тарабынан кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду

Ички иштер министрлиги тарабынан кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарды даярдоо, аларды Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлган.


Бишкек шаарынын А.Масалиев жана Д.Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Эстима” маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Б.Ж. аттуу жаран баңгилик топтун катышуучусу болгон. Ал баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу кызматын аткарып жүргөн.
Жогоруда аталган авто унаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай өзгөчө жытына ээ, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык табылып алынган.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 3 кг жалпы салмактагы каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон.

mvd kr zaderzhana narko gruppirovka promyshlyayushhaya sbytom narkoticheskih sredstv ИИМ тарабынан кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду


Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Азыркы учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республика боюнча ушуга окшогон фактыларды аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 13.12.23 ИИМ тарабынан кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду


ИИМдин басма сөз кызматы.