
Бишкекте 3 маршруттун схемасы өзгөртүлдү. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Сөз №129, №215, №118 кичи автобустар жана №17 автобус тууралуу болуп жатат.
Мэриянын маалыматы боюнча, тиешелүү чечим коомдук транспорттордун каттамын караган ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда кабыл алынган.
