Эмил Жураев: Садыр Жапаров башкарган бир жыл ичинде мыйзам бузуу жана катачылык көп болду

Саясат таануучу Эмил Жураев президенттин жана өкмөттүн бир жыл ичиндеги ишине баа берди. Бир жыл ичинде жасалган иштердин жемиши, жыйынтыгы азырынча байкала электигин айтып, мыйзам бузуулар да көп катталганын белгиледи.

“2021-жылдын башында эле президент расмий түрдө шайланып ишине киришкен. Менимче бул жыл Садыр Жапаров үчүн президент катары тушоо кесүүсү болду десек жарашат. Бул 100 күндүк мөөнөт эмес, президент толук кандуу бир жыл бою мамлекетти башкарды. Бул убакыттын ичинде көбүнесе проблемалар, кемчиликтер, ката кетирүүлөр болуп, системдүү түрдө мыйзамдарды бурмалоо жана мыйзамдын талаптарын көзгө илбөө орун алды.

Бул менимче президент Садыр Жапаровдун башкаруусунун табияты жөнүндө, анын саясий тажрыйбасы жана ыкмалары жөнүндө толук бойдон кабар берип турат. Эгер анын калган мөөнөтү да ушул нукта, ушул эле таризде өтчү болсо, Кыргызстан үчүн өтө кейиштүү болуп калышы мүмкүн.

Мамлекеттин пайдубалын түзүп кармап турган – бул мыйзам. Президент Жапаров жана анын жогорку кызматтарда отурган өкүлдөрү да мыйзам жөнүндө көп сүйлөшөт. Бирок, күн сайын мыйзамды көзгө илбей, өздөрүнүн ыңгайына карай аны ийип колдонуп келишет. Эң чоң масштабдуу делинген Конституцияны кайрадан кабыл алуу процесси, шайлоо, салык жана андан башка толгон-токой башка мыйзамдарды өзгөртүү чыныгы мыйзамдуулукка сокку болду. Мыйзамды өзгөртүүнүн же кайра кабыл алуунун эрежелерин эске албай туруп, ишке киргизүү максатына жетерине көзүм жетпей турат. Анткени мыйзамдын эң маанилүүсү анын кандай кабыл алынгандыгында. Бир жылга мөөнөтү өтүп кеткен парламент менен иштеп жатып, айрым мыйзамдарды кароодо үч окууну бир күндө же бир сааттын ичинде өткөрүп коюп жатты. Бул одоно мыйзам бузуу деп аталат.

Мындай көрүнүштөр мамлекеттин түпкүрүнө жана бийликтин табиятына чоң сүрөттөмө берип турат. Албетте, айтылган сөздөрүндө же ниеттеринде дайыма жакшы ойлор болот. Бирок алар аткарылабы жокпу, ошол суроо бойдон калат. Куугунтуктоону токтотом деген сөздүн аркасынан эле канчалык куугунтуктоо жүрүп жатат. Жакпаган кишилерди эч кандай жүйөлүү сбеептер жок эле, камакка алып, суракка чакырып жатышат. Мындай кейиштүү көрүнүштөр кайталана берсе, Садыр Жапаровдун ишине жакшы упайларды бербейт.

Акылбек Жапаровдун негизги убадаланган жыйынтыгы даярдануу режиминде эле жүрүүдө. Командасын топтоп, өкмөттүн стуруктурасын өзгөртүп, бир топ мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алуу – булардын бардыгы даярдануу десек болот. Акылбек Жапаровдун татаал убадаларын ишке ашырууга мүмкүн, бирок азыр кандайдыр бир анык жыйынтык, жемиши байкалган жок”.