Садыр Жапаров: “Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын 77 тыйындан 50 тыйынга түштү”

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Жыйналыштын жүрүшүндө Жапаров аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын 77 тыйындан 50 тыйынга түшүргөнүн айтты.

«Аз камсыз болгон жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар , үй-бүлөгө көмөк мамлекеттик жөлөк пул алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын тарифин 77 тыйындан 50 тыйынга түшүрдүк. Бул демилге 112 миң үй-бүлөнү камтыйт»,-деди өлкө башчы.