COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап көз жумду

Бүгүн, 25-декабрга караган суткада COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап көз жумду. Ал коронавируска каршы эмделген эмес, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Маркумдар Бишкек шаарында жана Баткен облусунда дарыланып жаткан.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2792 бейтап каза тапкан.