Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Бул тууралуу Чуй облусунун басма сөз кызматы кабарлады.
Жайыл РИИБүнө жергиликтүү жашоочу 1985-жылы туулган Д.А. аттуу аял арыз
менен кайрылып, 2021-жылдын июль айында У.А. аттуу жаран андан 110 миң
сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн
билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып,
териштирүү иштери башталган.


Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын
натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган У.А. аттуу
жаран кармалып, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Териштирүү учурунда шектүү жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан
кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган.
Тергөө иштери улантылууда.