
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылдын 17-декабрындагы № 667 тескемеси менен Мойдинов Исламбек Жанышович Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Ж. Бакиров И. Мойдиновду Кыргызпатенттин эмгек жамаатына тааныштырды.