Борбор калаанын чок ортосунда ок атышууга шектелген жарандар кармалды, деп билдирди Бишкек ШИИББ.
22-декабрда саат 21:00дө милицияга Эркиндик бульварында массалык мушташ жана ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабарлашкан. Айтылган жерге ыкчам тергөө барып, газ-травматикалык тапанчанын 3 гильзасын жана мергенчи куралынын 3 гильзасын табышкан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (ээнбаштык) менен катталган.
Бишкек ШИИББдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты.
Алар: 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н. жана 1988-жылы туулган А.Т..