Унаадагы аялды жаакка чапкан адам судья болуп чыкты

Буга чейин, 19-декабрь автоунаанын ичинде отурган аялды уруп жаткан адамдын видеосу тараган. Аталган тасма “БеспределKG” баракчасына жарыяланып, кызуу талкууга алынган.

Анда интернет колдонуучулар бул адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов экенин айтышкан.

“БеспределKG” баракчасындагы видеодо чаар ала куртка кийген адам “Lexus 04KG 430ABV” үлгүсүндөгү автоунаада отурган аялга “Бардыбы?!” деп туруп, бетине чаап жиберген. Видеодогу сиреналардын жарыгынан, окуя болгон жерде милиция кызматкерлеринин да автоунаалары болгонун байкоого болот.

Бир канча убакыттан кийин, кол көтөргөн адамдын жүзү даана көрүнгөн.

Ал, Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловго окшош экенин көрүүгө болот.