
Анкарада кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу маалымат “kyrgyzcinema.com” сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, буга чейин КР Эл артисти Айтурган Темирова тартуулаган «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана «Эрте келген турналар» тасмалары көрсөтүлгөн, ал эми бүгүн, 22-декабрда «Ак кеме” тасмасы коюлат. Ошондой эле режиссёрдун өмүр-баяны жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.
Иш-чарага келген коноктор Мурат Мамбетовдун «Менин тасмаларым — менин балдарым» (Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» НК, 2021) даректүү тасмасына күбө болушту.
Болот Шамшиев — советтик жана кыргыз киноактеру, кинорежиссер, сценарист. Анын “Ак кеме”, “Караш ашуусундагы атылган ок”, “Карышкыр чуңкуру”, “Фудзиямдагы кадыр түн” тасмалары көрүүчүлөрдүн эсинде калып, сүймөнчүлүгүнө татыган.