
Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокурордун Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда жыйынында депутаттар комиссиянын корутундусун колдоду.
Жогорку Кеңештин депутаты Жетигенов бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө. Ал ноябрь айынын соңунда камакка алынган болчу.