Саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусундагы “Жылдын саясий жыйынтыгы” талкуусунда медик Бакыт Саипбаев оюн айтып, жылдын аягында саясаттагы коомдо талкуу болгон жагдайларды белгилеп өттү.
Тегерек столдун катышуучулары ойлорун айтып, өлкө президенти Садыр Жапаровдон баштап вице-премьер Эдил Байсаловдун иштерине чейин баа беришти.
Өз кезегинде Бакыт Саипбаев жылдын жыйынтыгы боюнча убадаларды шамалдай жаадыруу боюнча “1-орунду” өлкө башчы Садыр Жапаровго, акылга сыйгыс сөздөрдү айтуу боюнча “1-орунду” Эдил Байсаловго жана “кустуризация” боюнча “1-орунду” Камчыбек Ташиевге ыйгаруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, кыргыздар үч миң жылдык тарыхыбызды эле айтып мактана бербей, дүйнөлүк инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иш аракеттерди жасашыбыз керек деп белгиледи. Андан сырткары кыргыздын спортуна чоң салымын кошуп жаткан балбан кыздар коомдогу позитивдүү жагдайды жараткан себепчилер экендигин айтып, дин кызматкерлери, диний адамдар алардын тармагына кийлигишип сындоосу таптакыр туура эместигин да кыпчып өттү.