ИИМдин кызматкерлери Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн Москвадагы иш чарага катышты

ИИМдин кызматкерлери Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын баштоо иш-чарасына катышышты

WhatsApp Image 2021 12 21 at 14.51.01 ИИМдин кызматкерлери Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн Москвадагы иш чарага катышты

Москва шаарында Эл аралык соода борборунда Париж Пактынын эксперттер тобунун Афганистандын аймагынан чыгуучу баңгилик коркунучтар менен күрөшүүдө чек аралык кызматташууну бекемдөө тематикасы боюнча Жумушчу жолугушуусу өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.
Аталган иш-чарага 31 мамлекеттин жана 14 эл аралык, аймактык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан (БКБ), ШКУдан, ЖККУдан, КМШдан, БАРМКБнын, ЕАМдан 150дөн ашуун делегаттар катышкан.
Отурумда Уланбек Султанов өлкөдөгү баңгилик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып, татаал тоолуу шарттарда учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү тажрыйбалары менен бөлүшкөн.
Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар Афганистандагы баңгилик кырдаалга берген баалары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кадрларды даярдоодогу аракеттери, практикалык колдонмолор менен бөлүшүшкөн.


Ошондой эле, ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча билимдерин өркүндөтүп турууга квалификациялык кызматкерлерди даярдоо маанилүү экендигин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын делегациясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү жана КР ИИМдин Баңгизатарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үчүн кадрларды даярдоо аракети тууралуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.

WhatsApp Image 2021 12 21 at 14.51.02 ИИМдин кызматкерлери Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн Москвадагы иш чарага катышты


Париж пактысынын эксперттик жолугушуусунун «талаасында» БКБнын Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын башталышына карата салтанаттуу аземи өткөрүлгөн.
БУУ БКБнын жаңыланган аймактык программасы түйүндүк өкмөттүк өнөктөштөрдөн жана катышуучу мамлекеттерден, анын ичинен Кыргыз Республикасынан алынган кеңири кеңештердин, сунуштардын негизинде иштелип чыккан.
ИИМдин Басма сөз кызматы