Аскар Акаев Жапаров менен Ташиевге ыраазы

Экс-президент Аскар Акаев 20-январда Бишкектен Москвага учуп барды. Москвага барып, ал “Московский Комсомолец” гезитине интервью берди.

— 2021-жылы мен эки ирет мекениме бардым. Жайында бир жумага жана декабрда бир жумага бардым. Кыргызстанда мен укук коргоо органдары менен күнү-түнү иштедим. Учурда мага козголгон кылмыш иштеринин баары жабылды. Эми мен ар бир Кыргызстандын жараны катары өз мекениме каалаган убактымда барууга мүмкүнчүлүк алдым.

Албетте, буга чоң салым кошкон учурдагы президент Садыр Жапаров болду.

Президент өзү мага чалып, он алты жылда мага карата көптөгөн кылмыш иштери ачылганын билдирип чакырган Бишкекке. Анын баарын жабыш үчүн менин түшүндүрмөм керектелмек.

Мен ыраазычылык менен чакырууну кабыл алып, Бишкекке учуп бардым.

Ошондой эле, мен УКМК төрагасы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын кызматкерлери мага сылык мамиле жасашты. Баардыгы мыйзам чегинде болду.

— Сиз жайында учуп барганда провокациялар болот деп коркунуч болгон жок беле?

«Коркунуч туудурган эч кандай негиз жок болчу. Себеи андагы барганымда РФ президенти Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ортосундагы макулдашуу менен баргам».

— Мен Владимир Владимировичке Орусияда мени жылуу кабыл алганына миң мертебе ыраазымын. 16 жыл ичинде мен москвада ыңгайлуу шартта иштедим

— Учурда Кыргызстанда эң ири “Кумтөр” компаниясынын айланасындагы окуялар болуп жатат. Сиз ошол боюнча сурак бердиңиз да…

— Туура. Мен ал иш боюнча айыпталуучу жана күбө катары суралдым. Мен ишкана боюнча эң көп нерселерди билем. 1990-жылдары мен инвесторду тапкам. Үч жыл арасында ири компания болуп чыккан. 1997- алтын чыга баштаган. Биринчи жылдары алар жакшы иштешкен, бирок, 2000-жылдары алар чиновниктер менен биригип алып, мамлекетке жана экологияга зыян келтире башташкан.

Мен мындан башка эч нерсе айта албайм, анткени ишке тоскоол жаратышым толук мүмкүн. Эл аралык сотто тергөөчүлөргө жардам гана бермекчимин.

Кыргызстандын эл аралык сотто утканга мүмкүнчүлүгү барбы?

— Шанстар абдан чоң, себеи экологияга эбегейсиз зыян келтирилген. Жалпы айта алам: ал жерде эки мөңгү бар —  Давыдов жана Лысый. Алар Сырдарыя жана Нарынга куят. Эки дарыя – Орто Азия боюнча ири дарыя. Аталган мөңгүлөргө эч нерсеси жок породалар төгүлгөн, ошол себептен экологияга зыян келтирилген. Биз азыр жакында алтындан да кымбат нерсе таза суу боюнча айтып жатабыз. Буюрса, эл аралык сотто Кыргызстан жеңет деп ишенем.

—Башка президенттерден да көрсөтмө алынабы?

— Азыр эки премьер-министрдин «Кумтөр» боюнча иши тергелип жатат. Бийликтегилер бул иштин аягына чыгайын деп жатышат.

— Эмне себептен сизден мурда эле айыптарды алып салышкан жок?

— Учурда коомчулук ошол 2005-жылы мамлекеттик төңкөрүш болгондугун таанып жатышат.

Анын башында Бакиев, Атамбаев, Отунбаев турган. алар биринин артынан бири президент болуп, мага ар кандай жалаа жабышкан. Башкы прокуратура мага карата козголгон көп иштер ойлонуп табылганын мойнуна алган.

Атамбаевден кийин Жээнбеков президент болуп, менин ишим обьективдүү каралсын деген пикирде болгон.

Садыр Жапаров гана чечиндүү жана адилеттүү чечим кабыл алды. Ал бардык иш мыйзам чегинде өтөөрүн ачык айтты.

— Жапаров сизге телефон чалгандан кийин канча убакыттан кийин учуп бардыңыз мекениңизге?

— Жапаров мага чалгандан кийин эки күндөн кийин эле мен Бишкекке бардым. Мага кепилдик берилгенден кийин гана мен учуп бардым

Мен шайлоо бүткөндөн кийин бардым, ага чейин менин ишим каралып жаткан…

— Жапаровдун сизге чалуусу күтүүсүз болдубу?

— Жапаровдун мага чалуусу күтүүсүз болду. Ал президент болгондон кийин жарым жылда эле менин ишим карала баштады.

— Жапаровдун сунушунан кийин биринчи оюңуз кандай болду?

— Мен дароо эле Кыргызстанга бара турганым болду. Буга чейин ар кандай коркутуулар болуп келген, Бул саам президент өзү чалгандан кийин, ал сөзүнө турат деп ишендим.

— Сиз Кыргызстанга биротоло кетесизби же Россияда каласызбы?

— Россияда боло турам, анткени бул жакта кызыктуу жумушум бар. Мен МГУда механико-математичикалык факультетте иштейм. Ал жерде лидерлердин арасында иштейм.

Мага жакында эле эң жогорку сыйлык ыйгарылды. Биринчи даражадагы Ломоносов атындагы сыйлык – бул илимпоздор арасындагы татыктуу сыйлык болуп саналат. Жыл сайын бул даражадагы бир сыйлык жана экинчи даражадагы эки сыйлык берилет.

Мен кесиптештериме абдан ыраазымын, алар кыйын күндөрү мага жардам беришти жана колдошту. Негизинен мен биздин ректор Виктор Садовничевке ыраазымын. Я счастлив работать под его руководством и в его замечательной научной школе.

— Орто Азиядагы мындай сыйлыкка татыган алгачкы адам болуп жатасыз. Кандай сезимдер болуп жатат?

— Абдан жагымдуу сезимдер болуп жатат. мен үчүн бул өтө чоң сыймык. ал эми мекениме барып-келип турам

—Кыргызстанга барганда көзү өтүп кеткендерге куран окутуп, мүрзөлөргө бардыңызбы?

— Албетте. Жакындарым менен, туугандар менен жолуктум. Ошондой эле белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен жолуктум. ал дагы эле операция жасап жатыптыр. Ата-энеме, тууганларга куран окуттум…

— Бишкек кандай болуп өзгөрүлүптүр?

— Абдан жакшы нукка өзгөрүү болуптур. Жашоо кайнап жатат.