Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган экстремисттик
материалдырды таркатууга шектелип, Талас облусунун жашоочусу кармалды
Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы
аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында
интернетте социалдык колдонуучулардын бири Кыргыз Республикасынын
аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашаны окшогон
материалдарды жарыялагны аныкталып, бул факты 2021-жылдын 15-октябрь
күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик
материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, жарыяланган
материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын
жыйынтыгынын негизинде ал тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний
экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн экстремизмге жана мыйзамсыз
миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жогорудагы интернет
колдонуучунун өздүгү аныкталып, ал 1971-жылы туулган Ш.Л. Талас
облусунан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы