
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январь айында Индияга барат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда белгилүү болду.
ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-индия кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашты.
«Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Индия-Борбор Азия саммитине катышуунун алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Индия тарап Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен эки тараптуу мамилелерин кызматташуунун жогорку деңгээлине чыгарууга кызыкдар экенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.