Өмүрбек Текебаев менен Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак беришти

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак берип чыгышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаев менен Бектур Асанов Башкы прокуратурага июнь окуясы боюнча сурак берип чыгышкан.

soc 388719 046 Өмүрбек Текебаев менен Бектур Асанов Башкы прокуратурага сурак беришти

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтөөнү жандандырган.