“Газпром Кыргызстан” ишканасына “Бишкекжылуулукэнерго” 350 миллион сом карыз, – вице-мэр

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы “Газпром Кыргызстан” ишканасына дээрлик 350 миллион сом карыз. Бул тууралуу БГКнын жыйынында борбор калаанын вице-мэри Мирлан Байгончоков билдирди.

Белгилей кетсек, муниципалитет шаардык кеңештен республикалык бюджеттен 150 миллион сом насыя алууга макулдук берүүнү суранууда. Ал эми шаардык бюджетке болжол менен ушундай эле сумма киргизилген.

«Ошондо биздин дагы 35-40 миллион сомдун тегерегинде карызыбыз калат», — деди ал.