
Чүй облусунун аймагында 13-декабрдан 19-декабрга чейин 2 миң 506 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу — 36;
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 982;
- документи жок 27 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 98 унаа токтотулган.