Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү

Нарын ОИИБи: Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун,укук бузуулардын алдын алуу максатында район аймагында жайгашкан орто мектептер арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 12 20 at 13.10.05 Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү

Иш-чаранын максаты мектеп аралык достукту ынтымакты бекемдөө жана жаштарды сергек жашоого, патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Жалпысынан беш мектептин жогорку класстын окуучулары катышып, спорттун волейбол, футбол оюндары боюнча күч сынашып оюн кызуу улантылды.

Ошондой эле кыздар арасында өткөн өткөрүлгөн волейбол оюну боюнча беш команда катышып, жыйынтыгында жеңүүчү командаларга Ак-Талаа РИИБү тарабынан кубок,1-2-3-даражадагы медаль жана дипломдор тапшырылды.

Мындан тышкары жакшы оюн көрсөткөндүгү жана спорттук иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн мыкты оюнчуларга “Мыкты коргоочу”, ” Мыкты чабуулчу “, ” Мыкты дарбазачы” деген номинациялар ыйгарылды.

Спорттук иш-чарада эч кандай тартип бузуу фактылары болгон жок, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап беришти.

WhatsApp Image 2021 12 20 at 13.10.05 1 Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 20 at 13.10.06 1 Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 20 at 13.10.06 Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 20 at 13.10.06 2 1 Ак-Талаа милициясы окуучулар арасында спорттук иш-чара өткөрдү

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы