
17-декабрда “Интерньюстун” кесипкөй журналисттер арасында өткөрүлгөн “Умтулуу” аттуу улуттук сынагынын алкагында сыйлыктар тапшырылып жатат.
Журналисттердин жана чыгармачыл топтордун эмгектери алты багытта аныкталды:
- Эл жана анын бийлиги.
- Балалыкты коргоо.
- Тынчтык жана ынтымак
- Маданият жана агартуу.
- Теңдүүлөрдүн коому
- Аракетчил инсан.
Калыстар тобуна жогорудагы алты багыт боюнча жалпы 138 материал түшкөн.
Негизги багыттар боюнча жеңүүчүлөр:
- «ПолитКлиника» медиасы;
- «Клооп» басылмасы;
- «Бийлик жана коом» -Мээрим Ташибекова.
Белгилей кетсек, сынак жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага бардык кабарчылар катыша алат.