Тынчтыкбек Батыркулов «Туратали базарынын» директору болуп дайындалды

Манас Усенов Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка бир чечимге ылайык, Тынчтыкбек Батыркулов «Туратали базары» МИ директору болуп дайындалды.