Аламүдүн районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу улантылууда


Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолгушууларынын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь жана Васильев айылдарында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Ага Аламүдүн РИИБдүн началниги милициянын полковниги Нурланбек Эркинбаев, райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү бийликтин, салык кызмаытнын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышышты.

WhatsApp Image 2021 12 16 at 08.25.47 1 Аламүдүн районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу улантылууда
Аламүдүн районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу улантылууда


Аламүдүн райондук ИИБдүн жетекчилиги үстүбүздөгү жылы милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, анын ичинде милициянын көчмө кабылдамасы менен өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, айрым ички иштер органдарына байланыштуу маселерди өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

Жыйында жергиликтүү жашоочулар мамлекеттик башка кызматтарга социалдык жана башка маселелери менен кайрылышып, жоопторду алышууга мүмкүнчүлүк болду.
Жолшгушуу учурунда дыйкан, фермерлер үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жеткирилди.