Парламенттин жыйыны кийинки жумага жылдырылды

Жогорку Кеңештин 15-16-декабрдагы жыйыны кийинки жумага жылдырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күн тартибиндеги маселелер 22-декабрда каралат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак. Депутаттык комиссия 9-декабрда Башкы прокуратуранын Жетигеновду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан жана 15-декабрдагы парламент жыйынына чыгарыларын билдирген.