Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды

2021-жылдын 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында, Кара-Суу шаарынын
Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан
телефону аркылуу Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат 2021-жылдын 13-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин
маалыматтардын электрондук журналына катталды 2021-жылдын 13-декабрь
күнү саат 10:05 чамасында, Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө
куралдуу тоноочулук учурунда, “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа толугу
менен күйүп кеткени белгилүү болгон.

d3e9fd78 5c84 4c42 ae5b 8cf711585d35 Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды

Кара-Суу районунун Савай айыл
аймагына караштуу Савай айылынын тургуну 1982-жылы туулган К. Ж арыз
менен кайрылып, анда 2021-жылдын 13-декбрь күнү саат 09:50 чамасында,
Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө өзүнүн “Мерседес-Бенц Спринтер”
үлгүсүндөгү автоунаасында отурган учурда ага бейтааныш азиат улутундагы
эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такашып автоунаасынан
түшүрүп унаасын айдап качууга аракет кылышкандыгын билдирген.


Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында,
Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө өздүгү такталбаган азиат
улутундагы, 20-25 жаштардагы адамдардын тобу тарабынан ок атуучу курал
жарактарды мыйзамсыз сактап, алып жүрүшкөндүктөрү аныкталып, аталган
факты боюнча 2021-жылдын 13-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш
жана жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери
менен кылмыш иш козголуп тергөө амалдары башталган.

c1300712 dd76 472b bb65 c214c0ada7da Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды


Тергөөнүн жүрүшүндө, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып
жүргөн атуулдар аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция
кызматынын кызматкери тарабынан кылмышка шектүү жарандар кармалган.
Алар: Ш.М, 32 жаштагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын
тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо мурда эки жолу
соттолгон. Экинчиси, А.У, 48 жаштагы Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир
жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон. Үчүнчүсү, Р.Д 46 жашта, Россия
Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарынын жашоочусу мурда
уурулук фактысы соттолгон
Мындан сырткары окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип,
тасмага алынган. Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм
заттар алынган, алар:үлгүсү такталбаган толук күйүп кеткен бир автоунаа,
  бир даана автоматтык ок атуучу куралы 5,45 мм калибрлүү 58 даана ок
даары, 2 даана ок кутучалары менен, эки даана тапанча ок атуучу
куралдары 9 мм 24 даана ок даарысы менен, тапанча ок атуучу куралы
№К-17, ок кутучасы менен далил катары алынган 2 даана сары түстөгү октор
жана бир даана гильза, 2 даана кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон
рациялар,6 даана атайын бет каптар жана 1 даана калыңдатылган шым.
Бүгүнкү күндө, окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү
экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо
боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

67019158 e0e7 4dea 98c1 e4b1c429801e Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды

6752a9e3 795c 465d a5c1 553aa618fbca Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды
133c0b8e a8cc 4d3c bf7e f24a86e034f6 Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды
c0bb4af7 e6b9 47c4 a6d7 59418d04dc37 Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды
5bb950d9 5e4b 4aef b506 e5c3bb86649f Оштогу Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн жарандар кармалды


  Ош ОИИБдин басма сөз кызматы