ИИМдин Ички аскерлерге бөлүнгөн 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалды

ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамына сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан ИИМдин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлүп, туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.