
Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келгени айтылууда. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактарына таянып билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва — Бишкек рейси менен саат 04:40та уулу Илим менен бирге учуп келген.
Акаев Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматты анын айланасындагылар тастыкташты. Мурунку президенттин Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.