12 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайра саноо аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автоматтык эсептөө системасы жана кол санактын жыйынтыгы дал келген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек.