Нарын ОИИБи: Нарын РИИБнүн жетекчилиги айыл тургундары менен жолугушууда

Нарын ОИИБи: Нарын РИИБнүн жетекчилиги айыл тургундары менен жолугушууда.

WhatsApp Image 2021 12 13 at 10.02.33 Нарын ОИИБи: Нарын РИИБнүн жетекчилиги айыл тургундары менен жолугушууда

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы район аймагында жайгашкан айыл аймактарды кыдырып, жыйындар өткөрүлүп төмөндөгү маселелер каралууда:

  • Түнкү учурда мал-жандыктарды жол жээгинде кароосуз калтырбоо боюнча;
  • Айдоочулар арасында жол эрежелерин, өзгөчө ылдамдык эрежелерин сактоо;
  • Сактоодогу ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин бузбоо;
  • Мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдарды өткөрүү же мыйзамдаштыруу боюнча;
  • Пиротехникалык каражаттарды колдонууда өрт кырсыктарынын коопсуздугун сактоо;
  • Мал уурулуктардын алдын алуу максатында мал кармаган короолорду бекемдөө жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча,
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында фактыларга күбө болгон учурларда кечиктирилбестен жергиликтүү укук коргоо органдарына билдирүү боюнча;
  • Жашы жете элек балдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алууну; Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 6-декабрында1. Аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөөлөргө) электр энергияга болгон төлөмдөрдү азайтуусу. 2.Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн стимулдаштыруу колдоо. 3. Чакан бизнести колдоо, жагымдуу салык климатты түзүү боюнча кол коюлган маанилүү жарлыгын жетекчилик тарабынан эл арасына жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.
WhatsApp Image 2021 12 13 at 10.02.32 Нарын ОИИБи: Нарын РИИБнүн жетекчилиги айыл тургундары менен жолугушууда

Ушуга улай Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан жаны кабыл алынган Кодекстер боюнча маалымат берилип келинүүдө.

Мындан сырткары жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын күндүзгү жана кечки рейддер өткөрүлүп,профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2021 12 13 at 10.02.33 2 Нарын ОИИБи: Нарын РИИБнүн жетекчилиги айыл тургундары менен жолугушууда

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы