Ири баңгизат каналына бөгөт коюлду, кармалгандардын арасында аялдар да бар

ИИМ. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири баңгизат каналына бөгөт коюшту


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин (эски редакциясындагы) 267-беренеси (сатуу максатын көздөп баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймактарында иштеп жаткан баңгизат каналга бөгөт коюлган.

YouTube video


2021-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде К.К. аттуу жарандан гашиш баңгизат каражатын көзөмөлдөп сатып алуу жүргүзүлгөн.
Андан ары, Каракол шаарында аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө “гашиш” баңгизат каражатын сатуу учурунда 1971-жылы туулган, буга чейин Бишкек шаарында баңгизаттарды сатуу менен алектенген К.К., 1970-жылы туулган., Б.Д. жана 1968-жылы туулган, К.Т. аттуу жарандар кармалып, 4 кг ашуун гашиш баңгизат каражаты алынган.


Мындан сырткары, кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандардын жашап келген Ак-Суу району, Боз-Учук айылы дареги боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда 6 кап жана 1 баштык “марихуана” жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталып, алынган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизаттардын жалпы салмагы: гашиш – 4 кг ашуун, кургатылган марихуана – 32 кг ашуун, каннабис баңгизаттарды камтыган өсүмдүк (кара куурай) 500 гр. жакын салмакты түзгөн.

WhatsApp Image 2021 12 13 at 13.11.17 Ири баңгизат каналына бөгөт коюлду, кармалгандардын арасында аялдар да бар
WhatsApp Image 2021 12 13 at 13.11.18 1 Ири баңгизат каналына бөгөт коюлду, кармалгандардын арасында аялдар да бар


Кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандар тергөө изоляторуна киргизилген.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан туруктуу негизде республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган иш-чараларын жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2021 12 13 at 13.11.18 Ири баңгизат каналына бөгөт коюлду, кармалгандардын арасында аялдар да бар
WhatsApp Image 2021 12 13 at 13.11.19 Ири баңгизат каналына бөгөт коюлду, кармалгандардын арасында аялдар да бар


ИИМдин Басма сөз кызматы