“Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөсү кармалды

8-декабрда сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУ таандык фотоматериалдарды тараткан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөсү “Т.у.Б.” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.