Кечээ, 8-декабрда Роспатенттин жетекчиси Григорий Ивлиев баштаган делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.
Расмий топту Манас эл аралык аэропортунан Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган ведомствонун жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Эртең, 9-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда (10:00, Эркиндик проспекти, 58/А) Кыргызпатенттин жана Роспатенттин жетекчилеринин эки тараптуу расмий жолугушуусу өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланып, бир топ келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана Роспатентке караштуу Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы ортосунда келишимдерге кол коюу салтанаты уюштурулган.