Бишкекте түндө кудукка түшүп кеткен аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда саат 03:09 чамасында Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук түтүгү өтүүчү кудукка аял түшүп кеткен.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, аялды (аты-жөнү такталууда) алып чыгышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти.