
Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Москва шаарындагы «ВТБ Арена Парк» спорттук жайында өтүп, мелдешке балбан кыздын машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Жуманазарова мелдеште атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен жеңип алды.
Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат.
Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.