“Президенттин айтканы боюнча силер соттолушуңар керек”: Өмүрбек Текебаевден токмоктук депутаттар кечирим сурашты

 “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандар атайын келип андан кечирим сурашты. Партиянын өкүлү Жакшылык Бердибек уулу бул тууралуу видеону фейсбук баракчасына жүктөдү.

“Жаш балдар провокацияга алдырып коюшту, биз сизди сабайын деп келген эмеспиз, бизге тынчтык керек, мамлекетибизде стабилдүүлүк керек”, деп билдиришти алар.

Текебаев балдардын кечиримин кабыл алып, провокаторлор пайдаланып кетип жатканын айтты.

“Мен жарым жолдон угуп калдым, провокация болоорун, эми өзүңөр келдиңер болооор иш болду.

Мына президент Садыр Жапаров айтып жатат карапайым балдар деп. Араңарда депутат жүрөт, силер жөнөкөй адам эмессиңер мени митингден кантип кетиресиңер сен тажаттың деп. Президент айтып жатат жөн гана митингди жек көрүүдөн улам митингден кубалайбыз дешкен. Ал жерде саясатчылар келген, кыздар, балдар бар.

Президенттин айтканы боюнча силер соттолушуңар керек. Силер президенттин, министрдин сөзүнө кирбегиле, алар кетет келет. Бирок келдиңер ошого рахмат.

Мен жок дей албаймю Менде доомат жок” – деди Текебаев.

Буга кечирим сураганы келген адам “биз сизди конституциянын атасы экениңизди билебиз”, сиз Кыргызстандын көрүнүктүү кишисисиз, кечирим сурайбыз, бул нерсе бизге сабак болду окшойт инибиз үчүн дагы кечирим сурайбыз!” деди алар.

YouTube video

Буга чейин Садыр Жапаров Арыба сайтына бул тууралуу маек берген.

Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп. Текебаев болсо “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар. Ар кимибиздики ар башка санда. Кыргызстан демократиялык өлкөбүз.

Ким качан, кайсы жерге митинг өткөрсө укук берип койгонбуз. Бирок бул укугубузду мен бийликке келгенге чейин колдонгонго мүмкүнчүлүк берчү эмес. Эсиңиздердеби? Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков убагында “митинг өткөрөм” десең алдын ала мэрияга сөзсүз түрдө билдирүү берчүсүң. Уруксат алчусуң. Ошондо да аянтка же башка жерге эмес, Горький багынга уруксат берип коюшчу. Азыр болсо билдирүүсү жок эле каалаган жериңе уюштура бересиң. Бирок негиздүү, тынч митингдер болсун. Эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жок», — деп жооп берди.

ttps://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1062073717890827&id=100002264346908

Кечирим сурап келишиптир – Жакшылык Бердибек Уулу | Facebook