Ишкердикти колдоо үчүн 2 мамлекеттик банкка 4,5 млрд сом бөлүнгөн

Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет тарабынан коронавирустук инфекциясынын жайылуусуна каршы  күрөшүү боюнча иш-чараларга, анын ичинде вакцина сатып алууга, медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого каражаттар өз убагында бөлүнүүдө. Мындан тышкары, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине колдоо жана материалдык абалын жакшыртуу үчүн саламаттыкты сактоо системасы менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

  • Балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүүгө каражат бөлүндү. Алсак, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жөлөкпулдардын өлчөмү 50%, ал эми 2022-жылдан тарта 100%, айрым жөлөкпулдар 200%га көбөйөт.
  • Баткен облусундагы кыргыз-тажик чекарасындагы окуялардын натыйжасындагы калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү.
  • Мамлекеттик ипотекалык насыялоо системасын өнүктүрүү жана жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун уставдык капиталы көбөйтүлдү.
  • Чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мамлекеттик «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК банктарынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн кошумча 4,5 млрд сом бөлүнгөн.
  • Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу республика өз каражаттарынын эсебинен заманбап аскердик техникаларды сатып алды, аскер кызматчыларынын эмгек акысы жогорулады.

2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджеттен 2,9 миллиард сом бөлүндү.

Мындан сырткары, өлкө жетекчилиги 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон жарандардын категориялары үчүн электр энергиясына тарифтерди киловатт-саатына 50 тыйындан белгилөө чечимин кабыл алды.

Муну менен мамлекет бардык социалдык маанилүү чыгымдарды, анын ичинде эмгек акыны, жөлөк пулдарды жана пенсияларды толук көлөмдө каржылады.