Добуштарды кол менен эсептөөнүн акыркы сааттагы жыйынтыгы

Добуштарды кол менен эсептөөнүн 15:00гө карата алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 95,51 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

Добуштардын 95 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,81%.
  • «Ишеним» — 13,54%.
  • «Ынтымак» — 10,99%.
  • «Альянс» — 8,06%.
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,84%.
  • «Ыйман Нуру» — 6,12%.